Маматалиев Алайда жол буугандар менен жолугат

Бүгүн коопсуздук боюнча вице-премьер-министр Абдырахман Маматалиев камактагы депутат Акматбек Келдибековдун Алайда Ош – Эркеч-Там жолун бууп турган тарапкерлери менен жолугат. Бул тууралуу “Азаттыкка” вице-премьер өзү кабарлады. Маматалиев мындай акция мыйзамсыз экенин түшүндүрүп, жолду ачууга үндөмөкчү.

Алай райондук сотунун жолду тосууга тыюу салган чечими 16-июнда күчүнө кирген. Бирок Келдибековдун тарапкерлери депутат үй камагына чыгарылмайын жолду ачпай турганын билдиришкен.

Ош – Эркеч-Там жолу Алайдын Сопу-Коргон айылынын тушунан 27-майдан бери буулуп турат. Ал жерде азыр 19 боз үй тигилген. Бажы кызматынын маалыматы боюнча, ушу тапта 150дөн ашык жүк ташуучу машине өтө албай токтоп турат. (BkA)