Алайда жол ачыла элек

Алай райондук прокуратурасы Келдибековдун тарапкерлери укук коргоо кызматкерлерине зомбулук көрсөткөнү үчүн бул акцияга тыюу салуу өтүнүчү менен райондук сотко кайрылган.

Райондук сот Сопу-Коргондогу жол тосуу мыйзамсыз деген чечим чыгарган. Ал чечим 16-июнь күнү күчүнө кирди. Бирок жол ачыла элек.

Ош - Эркеч-Там унаа жолунда учурда 20дай боз үй тигилген. Калктын саны бирде 100дөн ашса, бирде 200-300гө жетет.

Эки тарапта 100гө чукул оор жүк ташуучу унаалар камалып турат.

Жол жабыктыгынан улам Чоң-Алай районунда продуктулар кымбаттап, күйүүчү майлардын жетишсиздиги пайда болду.

Ал эмес пенсия, пособие жана айлык акылар үчүн акча каражаттары ал жакка жетпей жатат.

Оппозиция лидерлеринин бири Акматбек Келдибеков өткөн жылдын ноябрында коррупция боюнча айыпталып кармалган. Сот аны эки айга камоо чечимин чыгарган. Ошол убакыттан бери Келдибековду абакта кармоо улам-улам узартылып, соту создугууда.