Бразилияда футбол боюнча дүйнө чемпионаты уланууда

16-июнда Германия менен Португалия командалары беттешип, немистер 4-0 эсебинде жеңишке жетишти. Атактуу Роналдонун командасы ири эсеп менен жеңилүү ызасын тартты. Кошмо Штаттардын командасы Гананы 2-1 эсебинде утса, Иран менен Нигериянын беттешүүсүндө эсеп ачылбай, оюн 0-0 менен аяктады. (AiT)