Өкмөт башчы Мамкаттоонун тейлөө ишин сынга алды

Мамлекеттик тейлөө мекемелеринде узун кезектерде туруп, аргасыздан убакытын алдырып жаткан жарандар бул тууралуу өкмөткө өз маалында кабарлашы керек, ошондо тейлөө жакшырат. Бул тууралуу бүгүн премьер-министр Жоомарт Оторбаев билдирди.

Ал Мамлекеттик каттоо кызматынын, андан кийин Социалдык фонддун Бишкектеги айрым бөлүмдөрүнө алдын ала айттырбай кирип барып, ишин текшерди. Дал ушул мекемелердин тейлөөсүнө байланыштуу жарандардан арыз-даттануу көп түшүп жатканын айтты.

Бүгүн да ал текшерген тейлөө бекеттеринде айрым жабдуу иштебей турганын, кезектегилер көп экенин көрүп, тиешелүү чара көрүлбөсө жетекчилер кызматтан алынарын эскертти. (BkA)