Кошмо Штаттар Тикриттеги киши өлтүрүүлөрдү айыптады

Тикритте "Ирактын жана Леванттын ислам мамлекети" уюмунун жоочулары аскерге жаңы чакырылган жүздөн ашуун жоокерди өлтүрдү. "Ал-Каида" менен байланышы бар бул уюмдун жоочулары Ирактын түндүгүндөгү Мосул жана Тикрит шаарларын басып алган.

Ирак армиясынын генерал-лейтенанты Касим ал-Мусави аскерге эми эле чакырылган 170 киши өлтүрүлгөнүн тастыктады. Ал Багдаддын коопсуздугу бекем сакталууда дейт:

- Багдаддын коопсуздугу 100% сакталган. Коргоо жана ички иштер министрликтери бардык милдеттерин аткарып жатат. Багдаддын борборунда да, айлана тегерегинде да эч кандай коркунуч жок.

Буга карабай АКШ Багдаддагы элчилигин кайтарууну күчөткөнүн кабарлады. (AiT)