Ооганстанда жардыруудан 11 киши набыт болду

Ооганстандын түндүгүндөгү Айбак шаарында автобусту жардыруудан набыт болгондордун төртөө Ооганстан шайлоо комиссиясынын кызматкери, алтоо байкоочу, бирөө бала болгон. Алар 14-июнда шайлоодон кийин кечке жуук үйүнө бараткан.

Герат провинциясында талибдер шайлоого катышкан үчүн 11 кишинин манжаларын кесип салган. Ооганстанда шайлоонун экинчи айлампасы болгон күнү, 14-июнда жоочулар 150 чабуул жасап, андан 45 киши өлдү.

Экинчи айлампада Абдулла Абдулла менен Ашрав Гани таймашты. Добуш берүүнүн расмий жыйынтыгы 22-июлда жарыяланат. (AiT)