Депутат Жолдошева жол тоскондор менен жолукту

Алайдан активисттердин маалымдоосуна караганда, жекшемби күнү “Ата Журт” фракциясынын лидери Жылдыз Жолдошева Сопу-Коргондо жол тоскондор менен жолугушту. Жолдошева Акматбек Келдибековдун баш коргоо чарасын өзгөртүү жана аны чет өлкөдө дарылатуу боюнча жасалып жаткан аракеттер тууралуу маалымат берди.

Ош – Эркеч-Там жолу 27-майдан бери жабык турат. Жол тоскондор Келдибековду үй камагына чыгаруу жана Башкы прокурор Аида Салянованы кызматтан кетирүү талаптарын коюп жатат. Өкмөт маселени тынчтык жол менен чечүүгө аракет жасарын билдирген. (AiT)