Түштүк Кореянын президенти Пак Кын Хе кабинеттин 7 министрин алмаштырды. Апрелде “Севол” кемеси чөккөндөн бери бийликтин дарегине бир топ нааразылык айтылып келатат. Кеменин чөгүшүнөн кийинки куткаруу иштеринде көп ката кетиришкен деген сынга карабай, президенттин консервативдүү партиясы өткөн айдагы жергиликтүү шайлоодо жеңилген жок.
"Севол" кемеси 16-апрелде кырсыкка учураган. 304 киши каза болуп, же дайынсыз жоголгон. Алардын көбү саякатка чыккан мектеп окуучулары болчу.
"Севол" кемеси 16-апрелде кырсыкка учураган. 304 киши каза болуп, же дайынсыз жоголгон. Алардын көбү саякатка чыккан мектеп окуучулары болчу.