Президент Порошенко Путинге каршылык билдирди

Эки президенттин телефон аркылуу сүйлөшүүсүндө Порошенко Орусиядан жикчилдер көзөмөлдөгөн Чыгыш Украинага үч танк жана башка аскердик техникалардын өтүшүн кабыл алгыс деп атады. Ал мындай иштерге жол берилбеши керектигин билдирген. Украинанын ички иштер министри Орусиядан өткөн аскердик колоннанын бир бөлүгү жок кылынганын маалымдады. Бул арада Орусия Украина боюнча чечим долбоорун Коопсуздук Кеңешке сунуштады. Элчи Виталий Чуркиндин билдирүүсүнө караганда, Украинадагы кризисти жөнгөрүүгө багытталган чечимдин долбоорунда зордук-зомбулукту токтотуу жана тынчтыкты орнотуу боюнча жол картасы сунушталган. Жол картасы ЕККУ тарабынан даярдалган. Орусиянын тышкы иштер министри буга чейин Чыгыш Украинада зордук-зомбулуктун токтобой жатышына тынчсыздануусун билдирген. (AiT)