Кийинки аптада кыргыз-тажик сүйлөшүүсү болот

16-17-июнда Баткенде вице-премьер-министрлер деңгээлинде кыргыз-тажик сүйлөшүүсү болот. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматынан кабарлашты. Жолугушууда тараптар чек арада коопсуздукту сактоо, чек араларды делимитациялоо жана чектеш аймактарда жол куруу маселелерин сүйлөшөт. (AiT)