Грузияга биринчи расмий сапары менен келген Жозе Мануэл Баррозу Грузия президенти Гиорги Маргвелашвили жана өкмөт башчысы Ираклий Гарибашвили менен сүйлөшүү жүргүзөт. Баррозу региондорго төрт күндүк сапарын 11-июнда Молдовадан баштап, Азербайжанда аяктайт. Европа Биримдиги Молдова жана Грузия менен 27-июнда ассосация жана эркин соода жүргүзүү боюнча келишимге кол коюуну белгилеп жатат. (AiT)