Тажикстанда Гугл иштебей калды

Тажикстандагы интернет колдонуучулар Google жана Gmail электрондук почта системасы 12-июнда иштебей калганын билдиришти. Тажикстандагы интернет-провайдерлер бирикмесинин төрагасы Асамуддин Атоев Гугл дагы башка интернет булактардай тосмолоого алынган деп билдирди. Эки күн мурун Ютуб сайты ачылбай калган.

ЕККУнун массалык маалымат каражаттары боюнча өкүлү Дуня Миятович 11-июнда тажик бийлигине кайрылып, Ютубду колдонуучуларга ачууга мүмкүнчүлүк берүүгө чакырган. Тажик бийлиги өз кезегенде айрым интернет булактарынын иштебей калышын техникалык себептерге байланыштуу болушу мүмкүн деп билдирген. (AiT)