Ош - Эркеч-Там жолун бууп турган камактагы депутат Акматбек Келдибековдун тарапкерлери Жогорку Кеңештин чечмимин күтүп жатканын "Азаттыкка" бул нааразылык акциядагы лидерлердин бири Керим Сарбашев билдирди.
- Бүгүн парламентте Келдибековдун маселеси каралганы жатыптыр. Эгер депутаттар Акматбек Келдибековдун Германияга барып дарылануусун колдоп, тиешелүү органдар макулдугун берсе бир сааттын ичинде жолду ачабыз.
Жогорку Кеңеш Келдибековдун маселесин бүгүн кароосу күтүлүүдө. Кечээ депутаттар Бөдөш Мамырова менен Жылдыз Жолдошова камактагы депутаттын маселесин жалпы жыйында кароону сунуштап, эл өкүлдөрү күн тартибине киргизүүгө макулдук беришкен.
Ош - Эркеч-Там жолу Алайдын Сопу-Коргон айылынын тушунан 27-майдан бери буулуп турат. Алар депутатты үй камагына чыгарууну талап кылышууда. Жол тосулган жерде азыр 15 боз үй, 4 чатыр тигилип турат. (UEz)