Жалал-Абадда июнь коогасын эскеришти

  • Ырысбай Абдыраимов

Мамлекет курган чоң эстеликтен тышкары Бишкек-Ош жолунун боюна, Сузак районундагы "Санпа" заводунун тушунда 2010-жылдын 12-13-14-июнь күндөрү болгон улут аралык чыр-чатакта набыт болгон адамдардын аттары чегилип жазылган кичинекей эстелик да бар.

"Санпа" окуясында шейит болгондордун туугандары жергиликтүү бийликтин көмөгү менен тургузушкан.

Митинг-реквиемге республиканын социалдык өнүктүрүү министри Кудайберген Базарбаев, өкмөттүн облустагы өкүлүнүн орунбасары Нурбек Жээналиев, Жалал-Абад, Сузак, Базар-Коргон шаар - райондорунун башчылары, окуяда шейит кеткендердин жакындары, күч түзүмдөрүнүн жана коомчулуктун өкүлдөрү катышты.

Калабада курман болгондордун арбагына багышталып куран окулду.

Жалал-Абад облусунда төрт жыл мурун болгон калабада 78 адам каза тапкан.