Туристтерди тосууга пансионаттар даярбы?

7-июнда премьер-министр Жоомарт Оторбаев быйылкы туристтик сезонду расмий ачканы менен кыргыз берметинде эс алуучулар аз.

Өкмөттүн алдындагы Экологиялык, техникалык коопсуздук боюнча инспекция Ысык-Көлдүн айланасындагы 155ге жакын эс алуучу жайлардын туристтик сезонго даярдыгын текшерди. Жыйынтыгында 11 пансионаттын саркынды сууларды чыпкалоочу жайлары иштебей тургандыгы аныкталып, 15-июнга чейинки мөөнөт менен эскертүү берилди. Эскертүү аткарылбаса аталган эс алуу жайлардын иштешине тыюу салынат. 

Эс алуу жайлары оңдоп-түзөө иштерин бүткөрө элек. Көпчүлүк пансионаттарда курулуш иштери кызуу уланууда.

"Береке" пансионатындагы көрүнүш. Туристтик сезондун ачылганына карабай көл жээги таштандыдан арыла элек.

Бул чет элдик туристтердин чордону болгон Чолпон-Ата шаарында жайгашкан даараткана. Айланасынын баары ачык, жыты саңырсыйт. Караңгыда өткөн киши түшүп кетпейт деп эч ким кепил боло албайт.

Экотехинспекция кызматкерлеринин айтымында, чыпкалоочу жайы иштебеген эс алуучу жайлардын  саркынды суусу көлгө барып куят. 

Бул Жогорку Кеңештин эс алуу жайы болгон "Алтын-Көлдүн" таштанды кутусу. Башкалар сыяктуу эле бул пансионаттын деле туристтик сезонго даярдыгы анча байкалбайт. Экотехинспекция бул эс алуу жайына да саркынды сууларды чыпкалоочу жайы иштебегендиктен эскертүү берген.

Бул "Кооператор" пансионатындагы көрүнүш. Электр зымдары өсүп жаткан бактарга тартылганы аз келгенсип, зымдын туташкан жерлери ачык. Бул пансионат кичинекей балдар үчүн жана ичкиликти жактырган эс алуучулар үчүн өтө кооптуу. 

Көл жээгиндеги даараткана. Актап эле коюшканы болбосо эскилиги жеткени айдан ачык көрүнүп турат.

Ысык-Көлдүн тегерегиндеги айылдар турак үйдү эле конок үйгө айлантып, туристтерди тосуп келишет. Алардын калдык суулары каякка кетип жатканын көзөмөлдөгөн азырынча жан жок. 

Парламент депутаттарынын эс алуу жайы - "Алтын-Көл".

Бирин-серин жергиликтүү эс алуучулар.

Бул "Алтын-Көлдөгү" мыйзамсыз кыйылган бак-дарактар. Маалыматтарга таянсак, былтыр пансионат жетекчиси 102 бакты мыйзамсыз кыйган. Арасында ак кайың, карагай, терек жана кара бактар бар. Экотехинспекция ошол кездеги пансионат жетекчиси Эмил Шүкүровдун бул кылыгын тиешелүү органдарга өткөрүп бергени менен ушу кезге чейин эч кандай жыйынтык чыккан эмес.