Акыйкатчы парламенттин чечимине макул эмес

Акыйкатчы Бакыт Аманбаев парламентте, 3-октябрь, 2013.

Акыйкатчы Бакыт Аманбаев "Азаттыкка" Жогорку Кеңеш акыйкатчынын ишмердигине баа бере албастыгын, андыктан алардын жылдык баяндама жактырылбасын деген чечими баш мыйзамга каршы келээрин айтты:

- Конституциянын 74-беренесинин 6-пунктунда акыйкатчы Жогорку Кеңешке жылына бир жолу гана маалымат берет деп жазылган. Ал жерде депутаттар баа бериш керек деген нерсе жок.

Бүгүн парламент акыйкатчынын 2013-жылдагы ишмердигинин жыйынтыгын канааттандырарлык эмес деп тапкан. Эми акыйкатчынын баяндамасын атайын депутаттык комиссия иликтейт.

Бакыт Аманбаев акыйкатчы кызматына былтыр 3-октябрда шайланган. Ага чейин бул кызматты Турсунбек Акун аркалап келген. (UEz)