Парламент Кумтөр жана газ маселесин жабык кароого өттү

Премьер-министр Жоомарт Оторбаев парламентте, 2-апрель, 2014.

Парламент Оштогу газ кризиси жана Кумтөр боюнча маселени жабык кароону чечти. Анын алдында депутаттар бул маселе боюнча премьер-министр Жоомарт Оторбаев өзү келип, жооп беришин талап кылган. Өкмөт башчы келген соң маселени жабык кароо сунушу айтылып, бирок ага каршы чыккандар да болду. Премьер-министр Жоомарт Оторбаев маселе жабык каралса көбүрөөк маалымат айтууга мүмкүнчүлүк болоорун белгиледи. Ушундан соң жыйынды жабык өткөрүү сунушу добушка коюлуп, аны сессияга катышып отурган 74 депутаттын 52си колдоду.(SM)