Орусия Киевдин газга карызын төлөө мөөнөтүн өзгөрттү

Москва Украинанын газга карызын төлөө мөөнөтүн 10-июндан 16-июнга которгонун “Газпромдун” жетекчиси Алексей Миллер Брюсселде Евробиримдиктин энергетика боюнча комиссары Гюнтер Эттингер менен жолукканда билдирди.

Бүгүн Орусия, Украина жана Евробиримдик катышкан газ боюнча үч тараптуу сүйлөшүү өтүүдө. Өткөн жолку сүйлөшүүдөн эч майнап чыккан эмес. Москва Киевден газ үчүн эки миллиард доллар карызын төлөөнү талап кылууда. Киев болсо Орусиянын газга койгон баасы өтө адилетсиз деген көз карашта.

Шейшембиде Орусиянын президенти Владимир Путин Германиянын канцлери Ангела Меркел менен телефон аркылуу сүйлөшүп, кыйынчылыктарга карабастан өз ара макулдашуу үчүн Киев менен конструктивдүү сүйлөшүүгө барарын айтты.