Акыйкатчы Бакыт Аманбаев Таласта сот аткаруучулары тарабынан зордукталды деген 31 жаштагы Калия Арабекованын өмүрүнө коркунуч туулганын айтып чыкты.
- Бизге Арабекова да, сот аткаруучулардын жакындары да арыз менен кайрылды. Учурда биздин кызматкерлер окуянын чоо-жайын териштирип жатат. Бирок Калия Арабекова өмүрүмө коркунуч туулуп жатат дегенинен тиешелүү органдардан анын коопсуздугун сактоосун өтүндүм”, - деди акыйкатчы.
Мындан мурдараак 31 жаштагы Калия Арабекова Талас облустук сотунун Илгиз Карымбаев, Алтынбек Алыбаев жана Мукаш Кененсариев аттуу сот аткаруучулары өткөн жылдын 30-декабрында аны аёосуз кыйнап, зордуктаганын айтып чыккан.
Деген менен бүгүн, 10-июнда сот аткаруучулардын жакындары маалымат жыйынын өткөрүп, бул окуя боюнча маалыматтар бир жактуу таратылып жатканын, окуяны калыс иликтөө керектигин айтышты. (UEz)