Шайлоо-2015: талапкерге талап көп
Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.
Эгерде президентти жана Жогорку Кеңеш депутаттарын шайлоо жөнүндөгү мыйзамга киргизилип жаткан өзгөртүүлөрдү Жогорку Кеңеш колдосо, келерки парламенттик шайлоодо өлкө боюнча бирдиктүү шайлоо округу түзүлүп, ал 9 регионалдык округдарга бөлүнөт. Демилгечилер бул мыйзам жаңы саясий элитаны түптөй турганын, аймактык лидерлерге саясатка жол ачыларын айтса, ал аймактык бөлүнүп-жарылууну күчөтөт деп сындагандар да бар. Бул ирет “Ыңгайсыз суроолорго” мыйзамдын башкы демилгечиси, “Ата-Мекен” фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаев, Жогорку Кеңеш депутаты Нарынбек Молдобаев жана коомдук ишмер Эдил Байсалов катышты.