Жаш саясатчылар “тезекпром” акциясын өткөрөт

Алар Бишкекте өкмөт үйүнүн алдына чогулуп, бийлик өкүлдөрүнө белек катары даярдалган тезектерди тапшырууга аракет жасашат. “Улуттар Биримдиги” партиясынын жаштар канатынын өкүлү Сонунбек Жунусбаевдин билдирүүсүнө караганда, бул акция Ош шаарында, жалпы эле түштүк региондо газдын жоктугуна байланыштуу уюштурулууда. Ош шаарында 14-апрелден бери газ жок. (AiT)