Аба ырайы

9-июнда Кыргызстандын көпчүлүк аймактарында жаан жаап, күн күркүрөйт, тоолуу райондордо кар жаайт. Түндүк-батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, айрым жерлерде 14 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 10...15, күндүз 21...26,

Талас жергесинде түнкүсүн 10...15, күндүз 20...25,

Баткенде түнкүсүн 8...13, күндүз 20...25,

Ош жана Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн 11...16, күндүз 23...28,

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 3...8, күндүз 12...17,

Нарында түнкүсүн 5...10, күндүз 13...18,

Бишкекте жаан жаап, күн күркүрөйт. Абанын температурасы түнкүсүн 13...15, күндүз 24...26 градус жылуу болот.