Учкунбек Ташбаев 5 жылга кесилди

Учкунбек Ташбаев

Бишкектин Биринчи май райондук соту өкмөт алдындагы Геология жана жер ресурстар боюнча агенттигинин мурдагы жетекчиси Учкунбек Ташбаевди 5 жылга жатак абакка (колоние-поселение) кести. Бул тууралуу аталган соттон кабарлашты. Маалыматка ылайык, сот Ташбаевди Кылмыш кодексинин 304-беренеси (Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу) жана 316-беренеси (Шалаакылык) боюнча күнөөлүү деп тапты.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет Учкунбек Ташбаевди 2012-жылдын ноябрь айында камакка алган. Ага кызматынан кыянаттык менен пайдаланып, мыйзамсыз жол менен лицензия берген деген айып тагылган болчу.

37 жаштагы Ташбаев 2010-жылга чейин Өнүктүрүү, инвестиция жана инновация боюнча борбордук агенттиктин жетекчисинин орун басары, ал эми Апрель ыңкылабынан соң экономика министри, андан соң Геология жана жер ресурстары боюнча агенттигинин жетекчиси кызматтарын аркалаган.(BkA)