Сот тандоо кеңешине 8 мүчө тандалды

Бул тууралуу Жогорку Соттун маалымат кызматынан кабарлашты. Мыйзамга ылайык, Сотторду тандоо кеңеши 24 мүчөдөн турат. Алардын он алтысын Жогорку Кеңеш, сегизин Соттор кеңеши көрсөтөт. Соттор кеңеши өзүнө бөлүнгөн 8 орун үчүн талапкерлерди тандады. Ал эми Жогорку Кеңештеги фракциялар өз талапкерлерин тандап жатат. Андан соң кеңештин мүчөлөрүн парламент бекитмекчи.

Кыргызстанда Сотторду тандоо кеңеши 2011-жылы түзүлгөн. Бул кеңеш сынак аркылуу жергиликтүү жана Жогорку Соттун судьяларын иргеп алып, талапкерлерди президент менен парламентке сунуштайт.(BkA)