Атамбаев ачкан таза суу Нарынга жете элек

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

2012-жылдын 27-октябрында президент Алмазбек Атамбаевдин катышуусунда расмий ачылган Нарын шаарын таза суу менен камсыз кылуучу “Ак-Бечел” бөлүштүргүчүнүн курулушу али бүтө элек. Сууну чыпкалоочу “Ак-Бечелди” ишке киргизүү үчүн дагы 58 миллион сом керек. Адистер тоодон агып түшкөн суу үч жолу чыпкаланып, бактериялар ультра нур менен жок кылынып, шаар тургундары мурдагыдай хлор кошулбаган, булактын таза суусун иче алат деп маалымат бергени бар. Бирок азыр курулуш токтоп турат.