Пара чыры чыккан агенттиктин жетекчиси иштен алынды

Бабырбек Жээнбеков

Бабырбек Жээнбеков өкмөт алдындагы монополияны жөнгө салуу агенттигинин директорлугунан бошотулду. Мындай жарлыкка премьер-министр Жоомарт Оторбаев кол койгонун өкмөттүн маалымат кызматынан кабарлашты.

Буга чейин Жээнбеков жетектеген агенттиктин кызматкерине байланыштуу пара чыры чыккан эле. 23-майда Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматы Өкмөт алдындагы монополияны жөнгө салуу агенттигинин Нургалы Кудаяров аттуу кызматкерин “Кудайберген” базарынан 300 миң сом пара алып жаткан жеринен кармаган. Кармалган учурда Кудаяров бул каражатты Бабырбек Жээнбеков баштаган агенттиктин жетекчилерине алып барып берээрин айткан.

Бабырбек Жээнбеков жана анын уулу, Улуттук оппозициялык кыймылдын төрагасы, депутат Равшан Жээнбеков бул окуяны бийликтин каралоосу катары баалаган.(BkA)