Футбол: “Каспий кубогунда” Кыргызстан менен Өзбекстан беттешет

Азербайжандын борбору Бакы шаарында футбол боюнча 16 жашка чейинки өспүрүмдөр арасында “Каспий кубогу” эл аралык турнири уланып жатат. Мелдеште бүгүн Кыргызстандын тандалма командасы 7-орун үчүн Өзбекстандын командасы менен беттешет. Оюн Бишкек убактысы боюнча кечки алтыда башталаарын “Азаттыкка” футбол федерациясынын өкүлү Канат Асенов маалымдады.

Турнирде 12 өлкөнүн жаш футболчулары күч сынашууда. Кыргызстандын уландар командасы В тобунда Иран өлкөсүнүн футболчуларына биринчи беттешүүдө утулуп калды.1-июнда талаа ээлери Азербайжандын уландар командасы менен ойноп, эсеп ачылбай, беттешүү 0:0 эсебинде тең чыккан. 2-июнда Болгария командасы менен ойноп, 3:1 эсебинде жеңилип калды.(КМа)