"Көчмөндөр күнү" алгач белгиленди
Кыргыз маданиятынын көчмөндүк уңгусу - түбөлүктүү тарыхый баалуулук. Ата-бабалардын салтын, үрп-адат, ырым-жырымын камтыган баалуу мурас. Жыл сайын, Бугу айынын аягы, Кулжа айынын башында түзөң өрөөндө кышты жылуу кыштап чыккан соң, жайкы аптапта салкын болчу жайлоого, тоо койнуна көчүү салты өтө шаанилүү, көрктүү жана эң пайдалуу зарылдык болгон. Урбанизация доорунда, элдин көбү шаардын ысыгына бышып отурса да, жүрөгү, көкүрөгү, жан-дили бабалардын тоосунда экенин далилдеп, жыл сайын символикалуу түрдө: "Көчмөндөр күнүн" белгилөөгө "Кыргыз көчү" тобу белсене киришти.
Алгач кыргыз гимни ойнолду.
Бул салтанатта учурулган шарлардын дестеси да тоону көздөй бийиктеп учуп кетти.
"Эл кайда көчөт, эл кайда көчөт?.." деп, кичинекей "эл кайда көчөт" деген кып-кызыл кабыгында жарашыктуу кара точкалары бар жаныбарды колуна кондурган жеринен учуруп ойногон, элетте өскөн ата-энесинен айырмаланып, шаардык кичинекей "көчмөнчү" - кыргыз желеги менен тоого биринчи "аттанганы" турат.
Кыргыз маданиятын, тилин-дилин сактоону максат кылган иш-чаранын ачылышынан бир көрүнүш.
Кыргыздардай эле көчмөн эл - монголдор, Монголияда: "Көчмөндөр күнүн" расмий түрдө жыл сайын ата-бабанын салты катары үзбөй бүт мамлекети менен белгилешет экен. Жайлоого көчөөрдө кыргыздар да илгертен белгилеп, салттуу майрамдап анан көчүшкөнү тууралуу тарыхый маалымат бар. Анын өзүнчө аталышы да болгон.
Москва шаарынан атайын "ат арытып" бүгүнкү "Көчмөндөр күнүнө" катышууга келген Алтынай Дүйшеева заманбап "көчмөндөрдү" куттуктоодо.
Келечек - көчмөн ата-бабаларыбыздын желегин мындан да бийиктете көтөрчү урпактарда.
Бул топто: ар түркүн кесиптеги, ар кыл жаштагы, ар кандай мүнөздөгү жана тагдырдагы, ар өлкөдө жашаган, өнөрлүү, билимдүү, кызыктуу адамдар бар.
Улуттук кийим жарашкан, урматтап баары карашкан, нур жүздүү, суйкайган сулуу кыз-келиндер, келбеттүү жигиттери көп "Кыргыз көчү" тобунун мүчөлөрү.
Жасалгалуу заманбап "автокөч" канча бир доорлорду, кылымдарды карыткан улуу тоого сапар алаар алдында.