Жалал-Абаддагы көгүчкөн базар

  • Ырысбай Абдыраимов

Көгүчкөн базары үчүн шаарда атайын жай жок.

Көгүчкөн сатуучулар менен аны сатып алуучулар 5-6 жылдан бери ушул жерге чогулуп, өзүнчө базар ачып алышкан.

Көгүчкөндөр чоң-кичинесине жана соодалашууга жараша 300-1500 сомго бааланганы менен 100-500 сомго дейре сатылат.

Сатуучулардын айтымында көгүчкөндөр Орусиядан, Өзбекстандан, Ош менен Базар-Коргондон алынып келинип, кээде 150-200 долларга да бааланат. Айрымдар аларды кооздук-көркөмдүк үчүн, кээ бирлери хобби үчүн багып, сатат.