“Манас” аба майданындагы АКШнын Транзиттик борборунун ордуна Улуттук Гвардиянын аскерлери жайгашат. Бул тууралуу “Азаттыкка” коргоо министринин биринчи орун басары Замир Сүйөркулов билдирди.
“Манас” аба майданында 2001-жылдан бери жайгашып келген АКШнын аскерий базасы бүгүн расмий түрдө жабылды. Ал НАТОнун Ооганстандагы антитеррордук операцияларын жүргүзүүгө көмөктөшчү. Былтыр Кыргызстандын парламенти аталган борбор тууралуу АКШ менен келишимди бир тараптуу денонсациялаган.(ZB/BkA)