Украина: Луганскиде жарылуу болду

Луганск облустук администрациясынын имаратындагы өрттү өчүрүү. 2-июнь, 2014

Украинанын чыгышындагы Луганск облустук администрациясынын имаратында жарылуу болду. Имаратты орусиячыл сепаратисттер ээлеп турушкан. Анда жабыркагандар тууралуу азырынча маалымат жок. Имараттан түтүн чыкканы көрүндү. Азыр ал жакка медиктер менен өрт өчүргүчтөр барышканын “Азаттыктын” украин кызматы кабарлап жатат. Жарылуу эмнеден чыкканы азырынча аныктала элек.

Сепаратисттер ал имаратка украин өкмөтүнүн аскерлери абадан сокку урушканын айтышты, бирок армиянын жетекчилигинен "Азаттыкка" сүйлөгөн расмий өкүл муну четке кагып, имараттын ичинде сепаратисттер өздөрү эле куралды кокус атып алган же бомбаны жардырып алган болсо керек деди. Жарылуу тууралуу кабар чек ара базасына чабуул болгондон кийин айтылууда.