“Семетей” өзбекче сүйлөгөндө

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Ош шаарындагы Бабур театрында "Манастын уулу Семетей” спектакли өзбек тилинде коюлду. Бул кыргыз жана өзбек элдеринин ортосундагы ынтымакты чыңдоо жана мамлекеттүүлүктү бекемдөө жылынын алкагында уюштурулду. Эпостогу Семетейдин ролун Азизбек Арапов, Каныкейди Одина Аббасова, Бакайды Шавкат Дадажанов аткарды. Мындан сырткары, драмада Махмуд Рахматов, Режаббой Тожибаев, Жамила Бутабаева жана театр башкаруучусу Бахтияр Токтомаматов да ойноду. Драманын режисеру Набижон Сабирдын айтымына караганда, спектаклдин негизги максаты - эки элдин ортосундагы достук жана маданий мамилелерди бекемдөө. Спектакл драматург Жалил Садыковдун калемине таандык. Аны Абдуганы Абдугафуров өзбек тилине которгон.