1-июнь күнү 96 жаш курагында көз жумган улуу манасчы Жусуп Мамайдын сөөгү бүгүн Кытайдагы кичи мекени Ак-Чий ооданында жерге берилет. Маркум менен коштошуу зыйнатына кыргыз бийлигинен барган атайын делегация катышат. Президенттик аппараттын башчысы Данияр Нарымбаев “Азаттыкка” билдиргендей, тажияга барчу мамлекеттик кызматкерлерге кыргыз өкмөтү атайын учак бөлдү:
- Президенттин буйругу менен коштошуу зыйнатына баруу үчүн атайын делегация баратабыз. Анын курамында мен, депутат Каныбек Иманалиев, коомдук ишмер Топчубек Тургуналиев, вице-премьер-министр Элвира Сариева жана башкалар бар.
Жусуп Мамай 1918-жылы ал кездеги Чыгыш Түркстан, азыркы Кытай Эл Республикасынын Шинжаң-Уйгур автоном районундагы Ак-Чий ооданынын Меркеч айылында туулган. Ал "Манас" эпосунун сегиз урпагына чейин айткан.
Президент Алмазбек Атамбаев былтыр 2017-жылдан тартып залкар манасчынын өнөрүн ар тараптан иликтөө, жайылтуу боюнча иш-чараларды өткөрүү тууралуу жардыкка кол койгон.
Жусуп Мамай Кыргызстанга эки жолу келип кеткен. Быйыл 30-майда манасчыга “Кыргызстандын Эл баатыры” деген жогорку наам жана "Ак-Шумкар" өзгөчө белгиси берилген. (SE)