Баткенде бош кызмат орундарынын жармаңкеси өтүп жатат

Иш-чараны ЮНИСЕФ уюмунун “Жаштар долбоорлорун колдоо” программасынын алкагында аймактагы жаштар борборлору чогуу уюштурган. Ага Эмгек, миграция жана жаштар министрлиги көмөк көрсөтүп жатат.

Ушундай эле жармаңке мурдараак Ош, Бишкек жана Жалал-Абад шаарларында да өткөн.

Расмий маалымат боюнча, Баткен аймагында айлык акынын төмөндүгүнө жана шарттын начар экенине байланыштуу жаштардын 70 пайызы Бишкекке же Орусияга кетип калган.

Аймактагы бош орундар жармаңкеси 7-июнга чейин созулат. Бул тууралуу анын уюштуруучулары кабарлашты. (JsA)