Аксыда сууга аккан адам изделүүдө

Райондун Көк-Кыя аймагындагы Кара-Суу дарыясынан балык уулоо учурунда агып кеткен 49 жаштагы Үмөт Балтабаев 6 күндөн бери табылбай жатат.

Ал Таш-Көмүр шаарынан 27-май күнү таанышы менен балык уулаганы барып, кырсыкка кабылган. Шеригинин денеси Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин куткаруучулары тарабынан табылып, жакындарына берилген.

Издөө иштерин 21 адам жүргүзүп жатат. (YA\SE)