Абхазиянын эки атаандаш президенти жолугушат

Орусия менен кошо саналуу өлкөлөр гана тааныган Абхазияда президентпиз деген эки адам бүгүн жолугуп, саясий кризисти талкуулайт. Александр Анкваб менен Валерий Бганба экөө тең өздөрүн Грузиядан бөлүнүп кеткен жумурияттын башчысыбыз деп эсептешет.

27-майда оппозициячыл демонстранттар өкмөттүн кетишин талап кылып, кеңсесине басып киргенде аймактын президенти саналган Анкваб Кара деңиздеги Орусиянын аскер базасына барып жашынган эле. Кечээ парламенттин имаратын көзөмөлдөп турган оппозициячыл депутаттар ага импичмент жарыялап, парламенттин төрагасы Бганбаны өткөөл президенттике шайлашты. Чукул шайлоо август айына белгиленди.