Украина газ үчүн бир миллиард долларга жетпеген акы төлөдү

Украина орус газы үчүн карызынын 786 миллионун төлөгөнүн өлкөнүн энергетика министри Юрий Продан Берлиндеги жыйында бышыктады.

Орусия Украинанын 30-майга чейин 2 миллиардды төгүшүн талап кылган эле.

Берлинде Евробиримдик,Украина, Орусиянын өкүлдөрү катышкан жыйында Европа Биримдигинин энергетика комиссары Гүнтер Өттингер бүрсүгүнү дагы жыйын болорун бышыктады.