Велоспортчу Евгений Ваккер Азия чемпионатында күмүш байге утту

Казакстандын Караганда шаарында велосипед спорту боюнча Азия чемпионатында кыргыз спортуна эмгек сиңирген чебер Евгений Ваккер 45 чакырым аралыктагы жеке жарышта марага экинчи келди. Биринчи орунга казакстандык спортчу татыды. Бул тууралуу “Азаттыкка” машыктыруучу Эркин Акрамов билдирди.

Бул Ваккердин Азия чемпионаттарында удаасы менен уткан сегизинчи байгеси. Ал 4 алтын, 1 күмүш жана 3 коло медал уткан.

Карагандадагы Азия чемпионаты 2-июнда жыйынтыкталат. Мелдешке 29 өлкөнүн үч жүздөн ашуун спортчулары катышууда.

Евгений Ваккер велоспорт боюнча Азиянын 4 жолку чемпиону, “В” тобунда дүйнөнүн эки жолку чемпиону болгон. (КМа)