Кыргыз-кытай чек арасы убактылуу жабылат

Кытайда белгиленүүчү Жай майрамына байланыштуу 31-майдан 3-июнга чейин кыргыз-кытай чегиндеги “Торугарт” жана “Эркеч-Там” өткөрүү пункттары жабылат. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматынан кабарлашты.

3-июнь күнү бардык өткөрүү жайлары кадимки тартипте иштей баштайт. (SE)