Президент Обама АКШнын тышкы саясаты боюнча сөз сүйлөдү

АКШ Президенти Барак Обама. Ак Үй, Вашингтон. 27.05.2014. (REUTERS/Larry Downing).

АКШ президенти Барак Обама тышкы саясаттын негизги багыттарына кайрылып, эң чоң коркунучту террорчулук жаратып жатканын, аны менен күрөшүү стратегиясы эми өзгөрөөрүн айтты.
Бүгүн Вест Пойнт аскердик академиясында сүйлөгөн кезинде президент Обама Конгрессти жаңы Антитеррордук фондду колдоого чакырды. 5 миллиард долларлык фонд террорчулукка каршы күрөштүн алдынкы катарында жүргөн өлкөлөргө көмөктөшүүнү көздөйт.
Президент өлкө кызыкчылыгы талап кылса, АКШ бир тараптуу түрдө аскердик күч колдонот деп билдирди. Ошол эле маалда андай күчтү этият колдонуу керек, деп кошумчалады.

Обама дүйнө коомчулугу Орусиянын Украинанын эгемендигине каршы аракеттерин Американын лидерлиги астында айыптоого тийиш деди.

- Орусиянын жасагандары советтик танктардын Чыгыш Европага кирип барышын эске салат. Бирок бул – кансыз согуш доору эмес. Коомдук пикирди калыптандыруу жөндөмүбүз Орусияны дароо обочолонтууга алып келди.

Өз сөзүндө президент ошондой эле Ирандын атомдук программасы, Сириядагы атуулдук согуш жана башка бир катар маанилүү көйгөйлөр тууралуу да кеп кылды.