Украинанын чыгышындагы Донецк шаарында куралдуу кагылыштардан кийин орусиячыл жикчилер ондогон адамдарынан айрылганын айтышты. Донецк аэропортун сепаратисттерден бошотуш үчүн өткөрүлгөн кечээ күнкү чабуулда өкмөттүк күчтөр аскердик учактарды, сокку уруучу тик учактарды колдонушту.
Өлкөнүн бул шаарында башаламандык эки ай мурда башталган эле, бирок атышуу жалпы шаарга жайылган учур кечээ алгачкы ирет катталды. 24 саат ичиндеги атышууда орусиячылар 35ке жакын адамынан айрылганын алардын өкүлү кабарлады.