Кыргыз эл артисти, белгилүү комузчу жана күүчү Нурак Абдырахманов менен коштошуу бүгүн Токтогул Сатылганов атындагы мамлекеттик филармонияда болот. Маркумду акыркы сапарга узатуу боюнча биринчи вице-премьер-министр Тайырбек Сарпашев башында турган уюштуруу комитети түзүлгөн. Нурак Абдырахманов 26-майга караган түнү 67 жашында дүйнөдөн кайтты. (AiT)