Премьер-министр Медведев кайрадан Крымга келди

Орусиянын премьер-министри Дмитрий Медведев 25-майда Крымга эки күндүк визит менен келди. Медведев Севастополдун калкына Орусиянын жарандыгын берип жаткан иммиграция кызматынын кеңсесине, ошондой эле балдардын “Артек” эс алуу борборуна барары маалымдалды.

Бул Медведевдин Крымды Орусия аннексиялап алгандан берки аймакка экинчи ирет келүүсү. Президент Путин 9-майда Севастополдо Жеңиш күнүн майрамдоого катышкан.