Бишкекте түрк киносунун жумалыгы өтөт

Түркиянын Кыргызстандагы элчилигинен кабарлашкандай, жумалык 26-майдан 30-майга чейин өтөт. Бул маданий иш-чаранын алкагында Түркиянын белгилүү тасмаларын бишкектик кино сүйүүчүлөр көрө алышат. Тасмалар борбордогу “Манас” кинотеатрында көрсөтүлмөкчү. (BkA)