Яценюк: Орусия кырдаалды курчутууда деген далилдер бар

Украинанын премьер-министри Арсений Яценюк БУУнун Коопсуздук кеңешинин чукул жыйынын өткөрүүгө үндөдү.

Анын ырастоосунда, Киев Орусия кырдаалды курчутуп, 25-майдагы президенттик шайлоону үзгүлтүккө учуратууну көздөөдө деген фактыларды берүүгө даяр.
Ал тапта Коргоо министрлиги өлкө чыгышында орусиячыл жикчилер менен кармашууда коопсуздук күчтөрүнүн 9 жоокери окко учканын маалымдады.

Министрликтин басма сөз өкүлү Бохдан Сенктин айтымында, 22-майда Донецктин жанындагы Волноваха деген жерде жикчилер текшерүү пунктуна чабуул коюшканда 8 аскер набыт кетип, 17си жараат алды. Дагы бир жоокер кошуна Луганск облусунда окко учту.

Ассошиэйтед Пресс агенттиги болсо Волноваханын жанындагы Блаходатне айылындагы текшерүү пунктуна кол салууда украиналык 11 киши мерт болгонун жана 30дайы жараат алганын кабарлады.

НАТОнун баш катчысы Андерс Фог Расмуссен орус армиясынын айрым кыймыл-аракеттерин Украина менен чек ара аймагындагы аскерлер чегинүүгө даярданууда деп чечмелесе болорун боолголойт.

Анын алдында Орусиянын коргоо мекемеси Украина менен чек аралаш Белгород, Брянск жана Ростов облустарынан курал-жарак жана аскерлер алынып кеткенин билдирген.