Өзгөндө жол кырсыгынан 3 адам мерт кетти

Өзгөн районунун Бостон айылынын тушундагы Бишкек-Ош жолунда болгон кырсыктан үч адам мерт болду. Бул тууралуу “Азаттыкка” Ош облустук милициясынан кабарлашты. Маалыматка ылайык, кырсык таңга маал болгон. Анда “Хундай” үлгүсүндөгү автоунаа “Форд-Транзит” кичи автобусу менен кагышкан. Кырсыктан 8 адам жаракат алып, ооруканага жаткырылды.(BkA)