Ноокенде кутурма чыкты

Жалал-Абаддын Ноокен районуна караштуу Достук айылында кутурма оорусу катталганын бүгүн Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен кабарлашты. Маалыматка ылайык, 18-майда аталган айылдын тургуну Рысмамат Өскөнбаевдин уйу белгисиз себептен улам өлгөн. Аталган уйду текшерген учурда кутурма менен ооруганы аныкталган. Учурда уйдун өлүгү өрттөлүп, мал менен байланышта болгон адамдар текшерилүүдө.(BkA)