Кадамжайда сел жүрдү

Баткендин Кадамжай районунун Ормош айылында катуу жааган жамгырдан улам өткөн түнү сел жүргөнүн Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен кабарлашты. Алдын-ала маалыматтар боюнча, сел айылдагы жолдун 250 метрин жууп кеткен. Муну менен катар Жал - Жаңы-Коргон - Ормош жолунун 500 метри кум-шагылга толуп калган. Учурда аталган жолдор тазаланып жатат. (BkA)