Синоптиктер ушул жумада Кыргызстандын көпчүлүк аймактарында нөшөр жаан күтүлүп жатканын эскертет. Айрым аймактарда катуу жаан болот. Бийик тоолуу райондорго кар түшөт. Жаан-чачындан улам дарыялардан суунун деңгээли көтөрүлүп, сел жүрүшү ыктымал.
Мындай аба ырайы айыл чарба иштерин, автоунаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын жумушун кыйындатат.
22-23-май күндөрү Кемин, Талас өрөөндөрүндө, Нарын жана Ысык-Көл облустарынын дыйканчылык аймактарында -2 градуска чейин үшүк жүрөт. Ал жемиш бактарынын гүлдөрүнө, бүчүрлөрүнө, гүлдөгөн жер жемиштерге жана жашылчаларга коркунучтуу. (SE)