Бишкек - Ош жолунда төрт машине кагылышып, төрт киши каза тапты. Кырсык Жайыл районунун аймагында 17-май күнү кечки саат тогуздарда болгонун бүгүн Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен кабарлашты. Учурда каза болгондордун аты-жөнү такталып жатат. Бардыгы райондук оорукананын өлүк сактоочу жайына жеткирилген.
Жабыркаган беш адам бейтапканада. Бирөө жаш бала. (SE)
Жабыркаган беш адам бейтапканада. Бирөө жаш бала. (SE)